Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең Катар эмиринин мамлекеттик сапары башталат

Бул анын Кыргызстанга болгон алгачкы визити

Катар Мамлекетинин эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани ушул жылдын 6-7-июнунда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Бул араб мамлекетинин башчысынын Кыргызстанга биринчи жолу келиши.
Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Катар Мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх