Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чолпон-Атада Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында "ЕБ – БА"саммити башталды

Европа Биримдиги - Борбордук Азия" биринчи саммити 2022-жылдын октябрында Астанада өткөн

Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында "Европа Биримдиги - Борбордук Азия" экинчи саммити башталды.

Саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышууда.

Саммитте эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин өз ара аракеттешүүсү боюнча пикир алмашуу болот.

Иш-чараны 100гө жакын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана 70 чет элдик журналист чагылдырууда

Белгилей кетсек, "Европа Биримдиги - Борбордук Азия" биринчи саммити 2022-жылдын октябрында Астанада (Казакстан) өткөн.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх