Байсалов Индиянын алдыңкы фармацевтикалык компанияларын Кыргызстанга чакырды
Кабмин төрагасынын орун басары Индия өлкөсүндө иш сапары менен жүрөт
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Индияга болгон жумуш сапарынын алкагында ушул күндөрү Хайдарабад шаарында өтүп жаткан Индиянын 9-эл аралык фармацевтикалык көргөзмөсүнө барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эдил Байсалов Индиянын алдыңкы фармацевтикалык компанияларынын жана бир катар өндүрүштүк ассоциацияларынын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, өз ара пайдалуу келишимдерди түзүү, ошондой эле Кыргызстандын аймагында өндүрүш ишканаларын ачуу аркылуу активдүү кызматташууга чакырды.
Мындан тышкары, көргөзмөнүн алкагында түз келишимдер аркылуу дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн түзүлгөн “Кыргызфармация” жаңы мамлекеттик ишканасынын ачылышы боюнча тегерек стол уюштурулду.
МинКаб Төрагасынын орун басары ошондой эле Индиянын Телангана штатынын жетекчилигинин чакыруусу менен стартаптар, венчурдук компаниялар, корпорациялар, өкмөттөр жана академиялар чөйрөсү ортосундагы кызматташууга көмөктөшүүчү “T-Hub – стартап-экосистем” инновациялык технологиялар боюнча алдыңкы мамлекеттик борборго барды.
Маалымат үчүн: Индиянын бешинчи чоң шаары Хайдарабад, ал Индиянын IT индустриясынын борбору болуп саналат, мында дүйнөдөгү алдыңкы технологиялык компаниялар жана фармацевтикалык өнөр жайлар жайгашкан.
Фото www
Комментарии
,Электрондук почта: doctorumarclinicgmail.com
WhatsApp: +31 684911709
Telegram:+31 684911709
Viber: +31 684911709
Биз сизге бөйрөгүңүз үчүн жакшы сумманы сунуштайбыз.
Менин атым доктор УМАР Мен UMAR клиникасында нефрологмун. Биздин клиника бөйрөк хирургиясы боюнча адистешкен жана биз да дарылайбыз
менен бөйрөктөрдү сатып алуу жана трансплантациялоо
Корреспондент донор.
Биз Индия, Түркия, Франция, Нигерия, Америка Кошмо Штаттары, Малайзия, Дубай, Кувейтте жайгашкан
кунт коюп
DR УМАР