Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Прокурор биздин укугубузду бузууда

Бүгүн мени - Р.Жеенбековду,   К. Дүйшөбаевди жана Ж.Молдокматовду Кемпир-Абад боюнча иштин материалдары менен таанышууга алып келишти.

Тергөө маалында убакыттын тардыгынан тергөөчү бизди иш менен тааныштырган эмес. Сотто таанышыбыз деп тил кат жазып бергенбиз. Мыйзамга ылайык,  иш менен тергөө маалында таанышат, бирок тергөө тааныштырган жок. Эми сотто таанышуу процесси башталды.

 КРсынын КЖПКсынын 253-беренесине ылайык, тергөө аяктаган соң бардык материалдар менен, анын ичинде жашыруун сырды түзгөн материалдар менен дагы толук айыпталуучуну тааныштырат.



Бул учурда жашыруун сырды камтыйт деген материалдардан көчүрмө алууга жана жазып алууга (выписка) укуктуубуз. Тилекке каршы,  бул иш боюнча бизге сыр болгон жана болбогон дагы материалдардын көчүрмөлөрүн алууга тыюу салышты. Ал эми жашыруун деген документтерди конверттерге салып, аларды жада калса ачтырбай жатышат. Жыйынтыгында биз иш менен толук таанышкан жокпуз.
Биз айыпталуучулар иш менен толук таанышпасак кантип өзүбүздүн актыгыбызды далилдейбиз? Тергөөнүн бизге карата эмне далилдери бар экенин билбесек кантип ишке даярданабыз?
Прокурорлор азыркы убакытта КР КЖПКсынын 253, 281 беренелерин бузушууда.

Ж.Молдокматов, Р.Жеенбеков, К.Дүйшөбаев

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх