Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Али Шабданов, Эрлан Бекчоро уулу жана Акыл Айтбаев үй камагына чыгышты

Бул иш боюнча дагы 11 адам камакта

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган дагы үч кишинин бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу адвокат Эркин Саданбеков билдирди.
Анын айтымында, соттук отурум Бишкек шаардык сотунда өттү. Анын чечиминин негизинде Али Шабданов, Эрлан Бекчоро уулу жана Акыл Айтбаев үй камагына чыгарылды.

Бул иш боюнча дагы 11 адам камакта.

Эске салсак, 2022-жылы 22-октябрда Кемпер-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн. Ага активисттер, саясатчылар жана парламенттин депутаттары кирген. 23-октябрдан баштап массалык камакка алуулар башталган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх