Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Палестинанын элчилиги ачылат

Кыргыз тарап өз кезегинде өз элчиликтеринин бирин айкалыштыруу жолу менен Палестинада аккредитациялоону көздөөдө

Кыргызстан менен Палестинанын ТИМ башчылары Бишкекте Палестина элчилигин ачуу тууралуу макулдашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул процессте Палестина тарапка керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Өз кезегинде, кыргыз тарап өз элчиликтеринин бирин айкалыштыруу жолу менен Палестинада аккредитациялоону көздөөдө.

Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эл аралык жана аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде Палестина, Афганистан жана башка өлкөлөрдөгү кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз тарап боордош Палестина элин эл аралык аренада колдоо жана эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринин жана нормаларынын, БУУнун жана ИКУнун тиешелүү резолюцияларынын негизинде Палестина-Израиль жаңжалын адилет жана тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча милдеттенмени баса белгиледи.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх