Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Парижге келди

Мамлекет башчы Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета саммитинин» ишине, ошондой эле ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-ноябрда Франциянын борбору Париж шаарына келди.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын борту «Шарль-де-Голль» эл аралык аэропортуна конду.

Эскерте кетсек, Мамлекет башчысы Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета саммитинин» ишине, ошондой эле ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышат.

Мындан тышкары Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх