Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нурдан Орунтаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды

Орунтаев 2022-жылдын август айынан бери Бишкек шаарынын вице-мэри болуп иштеп келе жаткан

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Нурдан Орунтаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгондугун президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Эскерте кетсек, Нурдан Орунтаев 2022-жылдын август айынан бери Бишкек шаарынын вице-мэри болуп иштеп келе жаткан. Ал эми Мамкурулуш агенттигин буга чейин Мырзабек Жыпаркулов башкарып келген.
 
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх