Садыр Жапаров жубайы менен Франция президентинин атынан кабыл алуу иш-чарасына катышты
Садыр Жапаров кечээ Париж шаарына иш сапары менен барган. Мамлекет башчысы Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета
Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Парижде Франциянын президенти Эммануэль Макрондун атынан мамлекет башчыларын жана биринчи айымдарды кабыл алуу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кабыл алуу Париж тынчтык форумуна катышкан мамлекеттердин башчыларынын урматына өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров кечээ Париж шаарына иш сапары менен барган. Мамлекет башчысы Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета» саммитинин ишине, ошондой эле ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышат.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Фото www