Жети-Өгүздөгү аты жок мөңгүгө Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсүнүн аты ыйгарылды
Президент Садыр Жапаров тиешелүү мыйзамга кол койду
№ 354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө” мыйзамга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн маалымдашты.
Маалыматка ылайык, мыйзам 2023-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзамда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу каралган.
Фото www