Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэль Макронду Кыргызстанга чакырды

Маалыматка ылайык, чакыруу ыраазычылык менен кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров 10-ноябрда, Париж шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Француз Республикасынын президенти Эммануэль Макрон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей жолугушууда кыргыз-француз кызматташтыгынын актуалдуу багыттары, ошондой эле андан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Эммануэль Макронго Францияга сапар менен келип кетүүгө жана Париж Форумуна, өз убагында өткөрүлүп жаткан мөңгүлөр боюнча биринчи Саммит - "Бир планета саммитине" катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө лидерлер транспорттук жана соода-экономикалык чөйрөлөрү сыяктуу эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана аларды өнөктөштүк деңгээлине чыгарууга даярдыгын билдиришти.

Франциянын Президенти позитивдүү мисал катары энергетика өңдүү приоритеттүү чөйрөдөгү кызматташтыктын активдешүүсүн белгилеп, айрыкча "Электрисите де Франс" менен "Тоталь" француз компанияларынын Кыргызстанда иштөө ниеттерин белгиледи.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн саясий диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Президент Садыр Жапаров Франциянын Президенти Эммануэль Макронду Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды. Чакыруу ыраазычылык менен кабыл алынды.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх