Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Беларусиядагы качкын президент Курманбек Бакиев кантип Закир Салиев болуп калган? Ага эки башка ат менен эки паспорт берилгенин ЖМКлар жазып чыкты

Муну менен ал Интерполдон жашырынып, дүйнө жүзү боюнча ээн-эркин саякаттоого мүмкүнчүлүк алганы айтылууда

2010-жылы Беларусиянын президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын мурдагы качкын президенти Курманбек Бакиевге жана анын көптөгөн туугандарына Беларусиянын жарандыгын бергендини belsat.eu агенттиги жазып чыкты. Басылманын маалыматына ылайык, Курманбек Бакиевге дагы ар кандай ат менен бир нече беларус паспорттору берилип, анын аркасында ал Интерполдон жана эл аралык издөөдөн жашырынып, дүйнө жүзү боюнча ээн-эркин саякаттоого жана миллиондогон долларлык бизнес жүргүзүүгө мүмкүндүк алган. Бул тууралуу Беларустун Иликтөөчүлөр альянсынын журналисттери «Киберпартизан» уюмунун колдоосу менен аныктап чыгышкан.

Ошентип, алардын маалыматы боюнча, Александр Лукашенконун 2010-жылдын 10-августундагы N 419-дсп атайын жарлыгынын негизинде Курманбек Бакиев Беларустун жарандыгына кабыл алынган. Жарлыктын номериндеги “дсп” тамга айкалышы “кызматтык колдонуу үчүн” дегенди билдирет. Мындай жарлыктар жарыяланууга жатпайт. Үч күндөн кийин, 2010-жылдын 13-августунда Беларусь Республикасынын Ички иштер министрлигинин жарандык жана миграция департаменти ага Беларусь Республикасынын жараны катары паспорт берет.

Курманбек Бакиевдин жана анын айрым туугандарынын эл аралык издөөдө жүргөндүгүнө байланыштуу, ага бир паспорт жетишсиз болгондуктан, ага кийин эки башка ат менен эки паспорт берилген. МП2777000 паспорту менен 3010849А196РВ7 идентификациялык номуру Курманбек Бакиев атына, ал эми МП4003333 паспорту менен 3010849А197РВ0 идентификациялык номуру Бакиев Закир Салиев аттуу жарандын наамына берилген. Адамдын жашоосунда ага бир гана ID ыйгарылышы мүмкүн экенин журналисттер белгилешет. Мыйзам боюнча эгерде адам фамилиясын, атын же атасынын атын өзгөртсө дагы жаңы ID алуу мүмкүн эмес. Андыктан, бул Беларусия мамлекетинин мыйзамдарын бузуу болуп саналат. Башкача айтканда, журналисттердин айтымында Бакиевге экинчи идентификациялык номур ыйгаруу менен мыйзам бузулуп, Закир Салиевич Салиев деген жашоодо жок инсандын пайда болушуна жол берилген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх