Журналист Канышай Мамыркулова УКМКга сурак берип чыкты
Ал эмне иш боюнча суралганын редакцияга айтып берди
Журналист, жарандык активист Канышай Мамыркулова УКМКга сурак берип чыкты. Аны «Бүтүн Кыргызстана» кыймылынын жаштар канатынын лидери Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча суракка чакырышканын активист өзү Vesti.kg сайтына айтып берди.
Мамыркулованын айтымында, ал бул иш боюнча күбө катары өтүп жатат.
«Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча күбө катары кыскача суракка алышты», - деди Канышай Мамыркулова.
Ошондой эле журналист маалыматты жайылтпоо тууралуу кагазга кол коюп бергенин, андыктан сурак боюнча башка маалымат айта албай турганын түшүндүрдү.
Эске салсак, «Бүтүн Кыргызстана» партиясынын мүчөсү Замирдин Шамшидин уулуна карата КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандык” боюнча иш козголгон. Ал 13-сентябрда Адахан Мадумаровду колдоо боюнча Бишкек шаардык сотунун жанына митинге чыкканы белгилүү.
Фото: www