Азамат Кадыров Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду
Азамат Кадыров Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу борбор калаанын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кадыров Азамат Кадырович эми Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк жана жерди пайдалануу маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды.
Ал буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директорунун орун басары болуп эмгектенген.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз