Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Шарапаткан Мажитова паранжыга, узун сакалга тыюу салууну сунуштап чыкты

Тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитованын паранжы менен узун сакалга тыюу салуу сунушу камтылган "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 14-ноябрда коомдук талкууга коюлду.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, мыйзам долбоору коопсуздукту камсыз кылуу жана инсандыкты идентификациялоо зарылдыгы менен жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоонун ортосундагы тең салмактуулукту сактоого багытталган.

Эл өкүлү биринчи жолу мыйзам бузуу үчүн 2 миң сом айып салууну же 30 саат коомдук жумушка тартууну, экинчи жолку мыйзам бузуу үчүн 4000 сом айып салууну же 40 саат коомдук жумушка тартууну сунуштоодо.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх