Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев УКМКга камакка алынды

Ага баңги каражаттарын сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо беренеси боюнча айыпталууда

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алынды.
Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун 25-октябрдагы токтому менен УКМКнын тергөөчүсүнүн айыпталуучу Б.Ж.А.га карата тергөө убагында, башкача айтканда 2023-жылдын 23-декабрына чейин УКМКнын СИЗОсуна камоо боюнча өтүнүчү канааттандырылып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулду.

Маалым болгондой, экс-депутат КР Кылмыш-жаза кодексинин "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча айыпталууда.

Мындай кылмыш үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат.
Эскерте кетсек, 56 жаштагы Жаныбек Бакчиев "Бир бол" фракциясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаты болгон.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх