Nazar News басылмасынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыгарылды
Ал буга чейин СИЗОго киргизилген эле
Nazar News басылмасынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыгарылды. Мындай чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды. Баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү өтүнмө киргизген.
Гулжан Шерипбаева 2024-жылдын 15-январына чейин үй камагында болот.
Эске салсак, 18-ноябрда борбор калаанын Биринчи Май райондук соту аны 1-декабрга чейин СИЗОго камоо чечимин чыгарган. Гүлжан Шерипбаева КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүндө («Расалык, этностук, улуттук, диний аймактар аралык кастыкты (жек көрүү) козутуу») каралган кылмышты жасаган деп айыпталууда.
Фото: www