Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тазабек Икрамов жарандарды шайлоого катышууга милдеттендирүүнү сунуштады (видеодо)

Ошол эле учурда эл өкүлү жарандарга айып пул салуу максаты жок экенин белгиледи

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында депутат Тазабек Икрамов мыйзамда жарандардын президентти же Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо укугу жазылганын, бирок жарандардын шайлоого катышууга милдети көрсөтүлбөгөнүн айтып чыкты.

- Жарандардын президентти же парламенттин депутаттарын тандоо укугу мыйзамдарда белгиленген. Бирок жарандардын шайлоого катышуу милдети мыйзамда бекитилген эмес. Мен укук менен милдетти чаташтырбоо керектигин белгилегим келет. Бул шайлоолор мамлекет үчүн маанилүү болгондуктан, жарандар өзүнүн жарандык милдетин аткарууга милдеттүү, бирок кимди тандайт, кимге добушун берет – бул алардын укугу. Бүгүнкү күндө жарандардын шайлоого катышуусу 30%дан ашпайт. Эгерде шайлоочулар шайлоого активдүү катышса, бүтүндөй элди сатып алуу мүмкүн эмес, татыктуу талапкерлер шайланмак. Мындай мыйзамдар 12-13 штатта мамлекетте натыйжалуу колдонулат. Мисалы, Түркияда өткөн шайлоодо жарандардын катышуусу 87% болгон. Шайлоого катышпаганы үчүн элге айып пул салуу максаты жок бул жерде. Мыйзам долбоорун аягына чыгаруу үчүн кесиптештеримдин сунуштарын күтүп жатам, - деди эл өкүлү.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх