Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчы Көлбаевдин унаалары аукционго коюлду

Аларды кримтөбөлдүн туугандары өздөрү мамлекетке өткөрүп беришкен

Кыргызстанда УКМК тарабынан жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин алты унаасын сатуу боюнча электрондук аукцион жарыяланды. Тийиштүү маалымат Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин сайтына жарыяланды.

Мекемеде аукционго коюлган люкс унаалары чындыгында эле Көлбаевге тийиштүу болгонун тастыктап, аларды кримтөбөлдүн туугандары өздөрү мамлекетке өткөрүп беришкенин белгилешти

Аукционго төмөндөгү унаалар коюлган:

- BMW Alpina XB7, 2021-ж. Баштапкы баасы -18 млн сом;
- Hyundai Genesis, 2019-ж. — 2,8 млн сом;
- Kia X-Line, 2019-ж.— 1,1 млн сом;
- Mercedes-Benz S600, 2017-ж.— 25,5 млн сом;
- Mercedes-Benz G500, 2013-ж.— 5,4 млн сом;
- Toyota Land Cruiser Prado, 2005-ж.— 1,2 млн сом.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх