КР Профсоюздар федерациясы 8 курорттук жайды узак мөөнөткө ижарага берет
Алар кайсылар?
Кыргызстандын профсоюздар федерациясы кеңештин жыйынынын жыйынтыгында 8 курорттук жайды өз ара пайдалуу шартта КР президентинин иш башкармалыгына жана министрлер кабинетине өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде берген маалымат жыйынында федерациянын төрагасы Омор Арстанбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, төмөнкү курорттук жайлар тууралуу сөз болууда
"Жети-Өгүз" санаторийи;
"Кыргызстан№" санаторийи ;
"Арсланбоб" пансионаты;
"Чолпон-Ата" эс алуу үйү;
"Ош" дарылоо пансионат;
"Арстанбап-Ата" туристтик пансионаты;
"Ош" туристтик комплекси;
“Улан" балдардын ден соолукту чыңдоо борбору бар.
- Буга чейин "Жыргалаң" санаторийинде өткөн жумушчу жыйындын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров федерация жетекчилерине колдоо көрсөтө албаган мекемелерди ижарага берүүнү сунуштаган. Курорттор бүгүнкү күндө материалдык-техникалык базасын түп-тамырынан бери жакшыртып, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга муктаж экенин түшүнөбүз. Айрымдары капиталдык оңдоп-түзөө, жакшыртуу жана заманбап эмеректер менен жабдууну талап кылат. Буга байланыштуу тышкы инвестицияны тартуу үчүн шарттарды түзүү зарылдыгы келип чыкты. Ошентип, өткөн жумада өткөн федерациянын кеңешинин жыйынтыгында токтом кабыл алынып, ал министрлер кабинетинин кароосуна жөнөтүлдү, - деген Арстанбеков.
Фото www