Сот Тенгиз Бөлтүрүктү 800 миң сом айыппулга жыкты
“Кумтөрдүн” мурдагы башчысына сот өкүм чыгарды
Бүгүн, 21-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Кумтөр”ишканасынын мурдагы башчысы Теңиз Бөлтүрүктүн үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өттү.
Жыйынтыгында сот Бөлтүрүккө 800 миң сом өлчөмүндө айып салуу, анын эсептерине камактан чыгарууну жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн Башкы прокуратуранын эсебине мурда түшкөн 10 миллион сомду которуу чечимин чыгарды.
Эске сала кетсек, Тенгиз Бөлтүрүк 2022-жылдын 13-сентябрында кармалган. Ага бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, мамлекетке 1 миллиард 140 миллион сом зыян келтирген деп айыпталган.
Бөлтүрүк болгону 10 миллион сомун кайтарып берген.
5-сентябрда Аскер прокуратурасы Бөлтүрүккө козголгон кылмыш ишин тергөөнү убактылуу токтоткон.
Фото www