Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин 720 батири мамлекетке өткөрүлдү

Алардын курулуш иштери 2027-жылга белгиленген

УКМК тарабынан жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин 720 батири жакындарынын өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев билдирди.

Анын айтымында, сөз курулуш иштери 2027-жылга белгиленген бүтө элек батирлер жөнүндө болуп жатат.
Муну менен катар ал 2023-жылдын 10 айында 38 жер тилке жана үй, 356 унаа мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөнүн кошумчалаган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх