Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таза кыргызча сүйлөңүз. Жогорку Кеңештин төрагасы Акылбек Жапаровду сынга алды

"Сиз сөзүңүздө “школа, доход, крыша, стена” сыяктуу сөздөрдү колдоносуз"

Жогорку Кеңештин төрагасы бугүн, 23-ноябрда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду сөзүндө орусча сөздөрдү колдонгону үчүн сынга алды. Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев мамлекеттик тил боюнча конституциялык мыйзам кабыл алынганын эске салды.
«Сиз өз сөзүңүздө “школа, доход, крыша, стена” сыяктуу сөздөрдү колдоносуз. Кыргызча суйлөшүнүзду суранам. Мамлекеттик тилге

кайдыргерлик бардай. Башкаларга үлгү болуңуз. Сиз кыргызча жакшы сүйлөйсүз, мыйзамды сыйлаңыз”, - деди Нурланбек Шакиев.
Акылбек Жапаров Шакиевдин сынына жооп берген жок.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх