Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тазабек Икрамов Акылбек Жапаровго: Сизге чейинки бардык премьер-министрлер бала бакчаларда тамак-ашты каржылап келишкен. Сиз эмнеге баш тартып жатасыз?

Каржы министри бала бакчалардагы тамак-аш жергиликтүү бюджеттин жана ата-энелердин эсебинен каржыланарын түшүндүрдү

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов бала бакчаларга мамлекеттик бюджеттин эсебинен тамак берүүнү сунуштады.

Эл өкүлү Акылбек Жапаровго кайрылып, “Сизге чейинки бардык премьер-министрлер мамлекеттин эсебинен тамак-ашты каржылап келишкен. Эмне үчүн андан баш тартууну чечтиңиз? Албетте, сиздин сөзүңүздө логика бар, эмне үчүн мамлекет колунда бар ата-энелердин балдарын колдош керек. Бирок, балдарды бай-кедей деп бөлүүнү мен туура эмес көрөм. Балдар биздин келечегибиз. Биз алардан үнөмдөгөнүбүз туурабы? Бюджетте акча жок болсо, балким, Камчыбек Кыдыршаевичке керектүү каражатты таап берүүнү суранабыз?

Өз кезегинде каржы министри Алмаз Бакетаев бала бакчалардагы балдардын тамак-ашына мамлекет тарабынан буга чейин деле акча төлөнбөгөндүгүн баса белгиледи.

«Республикалык бюджеттен каржылоо ведомстволук бала бакчаларга гана каралган», - деп жооп берди каржы министри. — Калган бардык бала бакчаларда мектепке чейинки мекемелердеги балдардын тамактануусу ата-энелердин жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнөт.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх