­
Буга чейин "кабарым жок, билбейм" деген Надира Нарматова болбой эле Швейцарияга учуп кеткени белгилүү болду - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Буга чейин "кабарым жок, билбейм" деген Надира Нарматова болбой эле Швейцарияга учуп кеткени белгилүү болду

Ал буга чейин сапар тууралуу маалыматты четке каккан болчу

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана салык саясаты боюнча комитетинин мүчөлөрү, депутаттары Надира Нарматова, Шарапаткан Мажитова жана КР Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева Женевада (Швейцария) жүрүшкөнү белгилүү болду.

Алар кечээ, 27-ноябрда “Жакырчылыктын гармониялык статистикасынын индикаторлорун комплекстүү өлчөө, аныктоо, иштеп чыгуу жана түзүү” эл аралык семинарына катышкан. Бул тууралуу КР Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Иш-чара БУУнун жыйындар залында БУУнун колдоосу менен “Туруктуу жана ыңгайлуу улуттук статистикалык система” долбоорунун алкагында өткөн.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Надира Нарматова Vesti.kg сайтына комментарий берип жатып, ушул эле сапар тууралуу маалыматты четке каккан. Ал сапар жөнүндө эч нерсе укпаганын айткан. Бул иш-чара Жогорку Кеңеште да расмий пландалган эмес. Парламенттин бир дагы бөлүмү бизге сапар тууралуу маалыматты тастыктаган эмес.

Эске салсак, буга чейин КР медиа-коомчулугунун жана жарандык коомдун өкүлдөрү Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчилигине жана Европа Биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн Швейцария менен Улуу Британиянын элчиликтерине кайрылуу жолдоп, чет элдик агенттер жөнүндө мыйзамды демилгелеген депутаттарга виза бербөөнү суранган.

Кийинчерээк Надира Нарматова Жогорку Кеңештин жыйынында дипломатиялык өкүлчүлүктө мындай өтүнүч менен кайрылгандардын өздүгүн тактоо боюнча УКМКга протоколдук тапшырма берүүнү сунуштап чыккан.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх