Тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору ЖК комитетинде каралат
Бүгүн мыйзам долбоору комитеттин жыйынында каралат
Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин кароосуна киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн мыйзам долбоору комитеттин жыйынында каралат.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери - Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын желегиндеги нурлардын формасын толкундуу формадан күндүн нурларына так окшоштурулган формага өзгөртүү сунушталууда.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин авторлору жаңы мамлекеттик символдун эскизин иштеп чыгып, аны президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев колдогон.
Фото www