Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улан Примов элден желекти эле эмес гимн менен гербди дагы өзгөртүү сунушу келгенин айтты

“Бүгун бизде өскөн пахта эртең өспөй калса, гербди өзгөртүүгө туура келет”

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин 28-ноябрдагы жыйынында депутат Улан Примов мамлекеттик герб менен гимнди дагы өзгөртүү боюнча элден сунуш түшкөнүн айтты.

- Эл тарабынан керек болсо мамлекеттик гимнди да өзгөртүү боюнча көп сунуштар келди. Герб боюнча туура эмес тартылган деп айтып жатышат, -деди эл өкүлү.

Примовду кесиптеши Нурланбек Азыгалиев колдоого алып, мамлекеттик символдор учурдун талабына ылайык өзгөрүп турушу керектигин белгиледи.

- Мисалы, бүгүнкү күндө бизде пахта өсөт, эртең өспөй калса, гербди өзгөртүүгө туура келет, учурдун талабына ылайык, өзгөртүп турган туура, — деди ал.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх