Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Араван районунун Юсупов айыл аймагынын мурдагы башчысын кармады

Ага карата жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат

Ош облусунун Араван районундагы Юсупов айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Араван районунун мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдарына жана жооптуу адамдарына карата жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

2023-жылдын 22-ноябрында С.Юсупов айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ф.Ш.Х. кармалды. Мамлекеттик экспертизанын баалоосунда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилген жер тилкесинин баасы 11,8 млн сом экени аныкталган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх