Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаттары тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда колдошту

Мыйзам долбоорунун демилгечилери - ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов

Бүгүн, 29-ноябрда Кыргызстандын мамлекеттик Туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи окууда колдоп беришти.

Жыйында долбоордун авторлорунун бири, депутат Улан Примов коомчулукта желектеги күндүн нуру күн карама сыяктуу көрүнөрүн, ушундан улам күндүн толкун сымал нурларын түздөп коюу сунушталып жатканын айтты.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери - Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын желегиндеги нурлардын формасын толкундуу формадан күндүн нурларына так окшоштурулган формага өзгөртүү сунушталууда.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин авторлору жаңы мамлекеттик символдун эскизин иштеп чыгып, аны президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев колдогон.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх