Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын Беларустагы элчиси КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев менен жолугушту

Бүгүн Эрбол Султанбаевдин төрагалыгында КМШнын уставдык органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кезектеги жыйыны өтөт

Кечээ, 29-ноябрда Минск шаарында Кыргызстандын Беларустагы элчиси, Кыргызстандын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрбол Султанбаевдин КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар шериктештикке Кыргызстандын төрагалыгынын артыкчылыктарын ишке ашыруунун жүрүшүн, Кыргызстандын КМШнын аткаруу комитети менен өз ара аракеттенүүсүн жана шериктештик форматындагы интеграциялык процесстерге катышуусун талкуулашты.

Тагыраагы, ушул жылдын 30-ноябрында Кыргызстандын туруктуу өкүлү Эрбол Султанбаевдин төрагалыгында өтүүчү КМШнын уставдык органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кезектеги жыйынынын күн тартиби тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх