Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров иш сапары менен БАЭге жөнөп кетти

Мамлекетик делегацияга кимдер кирди?

Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында мамлекет башчысы Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев;
— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
— энергетика министри Таалайбек Ибраев;
— финансы министри Алмаз Бакетаев;
— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
— Президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх