Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев: Базар ээлери эң бай адамдар, бирок ижарачыларына эч кандай шарт түзүшпөйт

УКМК төрагасы кыргыз элине кайрылып, ар кандай чагымчылдык аракеттерден сак болууга чакырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев ККМ аппараттарынын ишке киргизилишине нааразы болгон ишкерлер боюнча комментарий берди.

Атайын кызматтын башчысы республика боюнча соода-базар комплекстеринин ээлери өлкөнүн эң бай адамдары экенин айтты.
Бирок базарларда жерди ижарага алып иштеп жаткан соодагерлер, контейнерлер үчүн ири суммадагы акча төлөп жатканы менен алар үчүн көпчүлүк базарларда жөнөкөй шарттар жок. Буга байланыштуу соодагерлердин ишин жеңилдетүү үчүн биринчи кезекте базар ээлери ижара акысын кеминде эки эсе арзандатышы керек", - деди Ташиев.

Мындан тышкары, бардык чакан ишкерлер акысыз контролдук кассалык аппараттар менен камсыз болуусу шарттыгы айтылды. Ошондой эле УКМК төрагасы кыргыз элине кайрылып, ар кандай чагымчылдык аракеттерден сак болууга чакырды.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх