Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев: Чоң базарлар мамлекеттин пайдасына кетиши мүмкүн

УКМКнын жетекчиси ошондой эле ири соода комплекстеринин ээлеринин ысымдарын атады

Камчыбек Ташиев УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, ири базарларды мамлекеттин пайдасына өтүп кетиши мүмкүн экенин эскертти. Ал, эгерде базар ээлери соодагерлерге жакшы шарт түзүп бербесе, контейнерлердин, жайлардын ижара акысын азайтпаса, базарларды мамлекетке кайтарууга бийликтин саясий эрки жете турганын айтты.

- Силерге төлөнбөгөн салыктарды эле илип коелу, базарлар мамлекетке кетет. Керек болсо контейнерлерди салык төлөө шарты менен соодагерлерге бекер беребиз. Мындай болбош үчүн дагы бир жолу базар ээлерине эскертем. Соодагерлерге шарт түзүп, ижара акысын төмөндөтүп, инфраструктураны: жолдорду, дааратканаларды, ашканаларды оңдоп-түзөгүлө», - деди Ташиев.

Ошондой эле УКМКнын башчысы ири соода комплекстери Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Эльвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алканов жана башкаларга таандык экенин билдирди.

«Бул өлкөдөгү эң бай адамдар. Алар чоң киреше табаарын баары билет. Бул адамдар 30 жылдан бери базарларга ээлик кылышат. Алар эбегейсиз байлыкка ээ болушту жана азыр да топтоп жатышат. Ошол эле учурда мамлекетке, коомго, ошол эле соодагерлерге болгон мамилеси өзгөргөн жок. Алар байлыгына тойбойт. Мындан улам митингдер болуп өттү”,-деп кошумчалады Ташиев.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх