Эрулан Кокулов: Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө ким демөөрчү болуп жатат?
Эл өкүлү калктан демөөрчүлөр боюнча суроолор келип жатканын айтты
Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов элде желекти алмаштыруу боюнча демөөрчүлөр боюнча суроолор бар экенин айтты.
«Кээде кээ бир долбоорлорго демөөрчүлөрдү табуу кыйын болуп калат», - деди эл өкүлү кесиптештерине кайрылып. — Ал эми мамлекеттик тууну алмаштырып, чыгымдарды жабуу үчүн демөөрчүлөр бар. Алар кимдер? Алардын атын айта аласызбы? Болгону эл арасында бул демөөрчүлөр кимдер деген суроолор жаралууда.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз