Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кундуз Жолдубаева суракка чакырылды. Анын үстүнөн Надира Нарматова арызданганы айтылууда

Ал саат 17.00го Биринчи май РИИБнын тергөө кызматына чакырылган

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы пресс-секретары Кундуз Жолдубаева Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматына суракка чакырылды. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова анын үстүнөн милицияга арыз жазды.
Белгиленгендей, Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы да суракка чакырылган.

«Арча медианын YouTube каналында «Кайсы чиновниктердин жана депутаттардын Матраимов жана Көлбаевдин мафиясы менен байланышы бар?» деген темада алып баруучулук милдетти аркалаган эфир себеп болду. Уктуруунун коногу “Айт Айт десе” жана Темиров Live долбоорлорунун журналисти Махабат Тажибек кызы болчу. Аны да суракка чакырышты. Эфирде эч кандай мыйзамсыз билдирүүлөр болгон эмес», - деди Жолдубаева.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх