Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын 90% макулдашышты

Делегациялардын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов билдирүү жасашты

Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын 90 пайыздан ашыгын макулдашып бүтүштү. Бул тууралуу Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жолугушуусунун жыйынтыгында делегация башчылары – Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагалары Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Саймумин Ятимов билдирди.

«Өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгында мамлекеттик чек аранын көпчүлүк бөлүгүн – 90 пайыздан ашыгын координациялоо боюнча макулдашууларга жетишилди. Кайрагач, Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жерден баштап, Жийделикке чейинки калган тилкелерди сүрөттөө иштери жакында аяктайт. Жумушчу топ бекитүүнү толугу менен аяктады. Учурда талаштуу, суроолор жаралган аймактар боюнча иш дээрлик бүтүп калды», - деди Ташиев.
Анын айтымында, мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоону аяктоо үчүн бир нече жолугушуулар калды.

Өз кезегинде Саймумин Ятимов белгилегендей, Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусунда маанилүү маселелер талкууланды.

«Эки мамлекеттин ортосунда жалпы кызыкчылыктар, жалпы максаттар жана жалпы иштер бар. Бул биздин мамлекеттердин коопсуздугу жана социалдык-экономикалык өнүгүүсү. Бугунку кунде бир кыйла эбегейсиз зор жумуштар аткарылды, биз 120 километрден ашык жолду басып еттук жана бул маселелерди принциптуу макулдашып алдык. Эгерде Тажикстан менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын жалпы узундугун ала турган болсок, Камчыбек Кыдыршаевич экөөбүз мамлекеттик чек аранын 90 пайыздан ашыгы такталганын тастыктай алабыз. Биз чындап эле бул маселелерди чечүүгө жакындап калдык», - деди Саймумин Ятимов.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх