Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жанар Акаев билим берүү министрине чара көрүүнү талап кылды

Эл өкүлү бүгүн эртең менен 215 миң мектеп окуучусу мектепке барып, андан кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөнүн сынга алды

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Билим берүү министрлигине чара көрүүнү талап кылды.

«Бүгүн эртең менен ушундай суук аба ырайында 215 миң окуучу мектепке барып, андан соң үйлөрүнө жөнөтүлдү», - деп эл өкүлү президенттин өкүлү Алмас Абытовго кайрылды. - Эмне үчүн бул алдын ала айтылган жок? Балдарын мектепке машине менен жеткирген ата-энелер кайра үйлөрүнө айдап барууга аргасыз болушту. Бул аларга ыңгайсыздыктарды жаратты да. Кечээ эле мектептердин онлайн окутууга өтүшү тууралуу маалымат таратууга болот эле. Ошондуктан Билим берүү министрлигине тартиптик чара көрүлүшүн талап кылам.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх