“Билим берүү министрлигинин жетекчиси өз билдирүүсү менен коомчулукту адаштырууда". Кыргызгидромет аткаминерге жооп берди
Мекеме катуу суук тууралуу 5-декабрда эле бардыгына кабарланганын баса белгиледи
Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева катуу суук тууралуу маалымат Билим берүү министрлигине кечээ кечинде гана түшкөнүн айтып, коомчулукту адаштырып жатат деп билдирди Кыргызгидромет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматы 5-декабрдан баштап бардык мамлекеттик органдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына катуу суук тууралуу эскертүү жөнөтүлүп, телеканалдар аркылуу да маалымдалганын баса белгиледи.
«Чукул билдирүү жөнөтүлүп, анда 9-14-декабрга чейин аба ырайынын кескин өзгөрүшүн, өлкөнүн айрым аймактарында абанын температурасы -25 градуска чейин төмөндөшү ачык айкын айтылган. Кошумчалай кетсек, 12-декабрда күндүн биринчи жарымында дагы бир чукул билдирүү берилген», - деп билдирди Кыргызгидромет.
Мекеме билим берүү министринин коомчулукту адаштырып, метеорологиялык кызматтын беделине шек келтирген билдирүүсүн негизсиз деп атады.
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен мектеп окуучулары 25 градус суукта окуу жайларына келип алышкандан кийин 8ден кийин гана Билим берүү министрлиги бүгүн жана эртең бардык мектептер онлайн окутууга өтөөрүн билдиргени боюнча коомчулукта нааразычылыктар чыккан. Кийинчерээк Билим берүү министрлигинин жетекчиси коомчулукка бул тууралуу өз убагында эскертилбегендигин аларга кечээ кечинде гана келе жаткан үшүк тууралуу маалымат түшкөнү менен түшүндүргөн.
Фото www