Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Улуттук банктын төрагасынын жаңы орун басарын дайындады

Мамлекет башчы аны мурда ээлеген кызматынан бошотту

Мелс Аттокуров Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, дайындоо жөнүндө буйрукка президент Садыр Жапаров кол коюп, аны мурда ээлеген кызматынан бошотту.

Буга чейин президент Заир Чокоевди Улуттук банктын жетекчисинин орун басары кызматынан бошоткон.

Мэлс Аттокуров 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика жана башкаруу факультетин аяктаган. Мамлекеттик кызматта ар кандай кызматтарды аркалаган. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына иштегенге чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору жана бөлүм башчынын орун басары болгон.
Аттокуров 2023-жылдын апрелинен бери Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх