Курултайда Улуттук кеңештин төрагалыгына Мыктыбек Абдылдаев шайланды
Улуттук кеңештин курамы 17 мүчөдөн турат
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан экинчи Элдик курултайдын Улуттук кеңеши жана эсептөө комиссиясы шайланды.
Улуттук кеңештин курамы 17 мүчөдөн турат. Курултайга келген делегаттар бир добуштан колдоп, Улуттук кеңештин курамын бекитти.
Ага ылайык, Улуттук кеңештин төрагасы болуп Мыктыбек Абдылдаев, анын орун басарлары болуп Эркинбек Абдыразаков, Баатырбек Исмаилов шайланды.
Ошондой эле Курултайга келген делегаттар бир добуштан колдоп, эсептөө комиссиясынын курамын бекитти.
Эсептөө комиссиясынын курамына 13 адам кирди. Асел Лаваева Эсептөө комиссиясынын төрайымы болуп шайланды.
Эскерте кетсек, иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат. Курултайг жалпысынан 700дөй делегат катышууда.
Фото www