Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нурланбек Шакиев: Конституциялык мыйзам боюнча ар бир кыргызстандык кыргызча сүйлөш керек

ЖКнын төрагасы ошондо эле, эмгек мигранттарын көңүл буруу мезгили келгенин белгиледи

Бүгүн, 15-декабрда өтүп жаткан экинчи Элдик курултайдын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өлкөнүн жарандарынын жашоосун оңдоп жаткан мыйзамдардын кабыл алынышына токтолду.

«Мен өлкөбүздө жасалып жаткан иштерди кайра кайра кайталап айта бербейин. Бирок мен ЖКда кабыл алынган коомдун өнүгүшүнө салым кошо турган мыйзам долбоорлоруна токтоло кетейин. Мисалы, билим берүү тармагында жакшы мыйзам долбоорлору кабыл алынып, иштелип жатат. Сапаттуу билим болбосо мамлекетте өнүгүү болбойт. Кабыл алынган конституциялык мыйзамга ылайык бардык жарандар кыргыз тилинде сүйлөп, ойлонушу керек. Бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөйбүз», - деди ал.

Мындан тышкары, эмгек мигранттарына көңүл буруу мезгили келгенин белгиледи.
«Көп жылдар бою алар мамлекетибиздин өнүгүүсүн камсыздап, жыл сайын 2 миллиард доллардан ашык акча которуп турушту», - деп белгиледи Шакиев.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх