Желекти өзгөртүү долбоору ЖКнын комитетине экинчи окууга киргизилди
Мамлекет башчы тууну өзгөртүү идеясы ага таандык экенин айтты
Мамлекеттик желекти өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине экинчи окууга киргизилди. Документ комитеттин 19-декабрдагы жыйынында каралат.
Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайдын жүрүшүндө тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин билдирген.
9-ноябрда Кыргызстандын мамлекеттик Туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи окууда колдоп беришкен.
Кыргыз Республикасынын желегиндеги нурлардын формасын толкундуу формадан күндүн нурларына так окшоштурулган формага өзгөртүү сунушталууда.
Фото www