Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

АКШ кыргызстандыктар үчүн визанын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга чейин көбөйтөт

Ошондой эле, Кыргызстандан барган студенттер үчүн Америка визасын алууну жеңилдетүү маселеси каралат

Кыргызстандын жарандарына америкалык визанын мөөнөтү беш жылдан он жылга чейин көбөйтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилиги билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, 13-декабрда Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын Мамлекеттик департаментинин Консулдук бюросунун Виза иштери боюнча башкармалыгынын директору Б.МакНерни менен жолугушууда эки тараптуу кызматташуу жана эки өлкөнүн ортосундагы визалык мамилелерди жакшыртуу.маселелерин талкуулады.
Жолугушууда элчи туристтик жана ишкердик визалардын мөөнөтүн беш жылдан он жылга чейин көбөйтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн консулдук жыйымдарды азайтуу маселелерин кароону тездетүүнү суранды. Элчи бул маселелерди АКШ бийлигинин өкүлдөрү менен буга чейин бир нече жолу талкуулаганын эске салды.

Өз кезегинде МакНерни бул маселе АКШнын тиешелүү органдары тарабынан каралып, учурда акыркы баскычта экенин жана оң чечим күтүлүп жатканын билдирди. Жакынкы арада америкалык тарап бул тууралуу расмий түрдө кыргыз тарапка кабарлайт.
Мындан тышкары, Аманбаев АКШнын окуу жайларында окуган кыргызстандыктар үчүн Америка визасын алуу процессин жеңилдетүүнү, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын АКШда жумушчу күчү бар тармактарда мыйзамдуу түрдө ишке орношуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону өтүндү.

Америкалык тарап элчинин сунуштары менен макул болуп, бул маселелерди эки өлкөнүн ортосундагы жыл сайын өтүүчү эки тараптуу консультациялардын алкагында талкуулоого даяр экенин билдирди.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх