Көбүнесе интрига жаратуучу суроолорду берүүгө ыкташат экен. Садыр Жапаров эмнеге журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрбөй калганын түшүндүрдү
“Тигил тууралуу мындай деген кептер айтылууда, бул жөнүндө ушундай сөз болууда, сиз кандай дейсиз” деген эле суроолор
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде эмне себептен экинчи жыл катары менен журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрбөй калганын түшүндүрдү. Мамлекет башчысынын айтымында жыйында журналисттер мамлекеттин өнүгүшүнө эмес, интригага ыктаган суроолорду көп беришет экен.
- Маселен, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү көбүнесе интрига жаратуучу суроолорду берүүгө ыкташат экен. Албетте, мен бул жерде бардык журналисттер деп айтуудан алысмын. Өз ишин билген мыкты журналисттерибиз да бар. Бирок маалымат жыйынга келгенде эле бир топ ЖМК өкүлдөрү жалаң тар чөйрөнү гана кызыктырган суроолорду беришет. Ал эми өлкөнүн келечеги, мамлекеттин өнүгүшү, экономиканын өсүшү, элеттеги көйгөйлөр тууралуу суроолор жокко эсе. Ошентип, маалымат жыйынынын басымдуу бөлүгү такталбай айтылган сөздөрдү териштирүү менен өтөт экен.
Ооба, мен деле башында мурдагы мамлекет башчыларындай болуп, журналисттерди чогултуп, маалымат жыйын өткөрүп көрдүм. Жогоруда айтканымдай 3 саат бою такталбаган маалыматтарды териштирүү менен отуруп, менин да, журналисттердин да убактысы текке кетти.
Муну азыр деле архивдерди көтөрүп карап көрсөңүздөр болот. Жалпысынан “тигил тууралуу мындай деген кептер айтылууда, бул жөнүндө ушундай сөз болууда, сиз кандай дейсиз” деген эле суроолор. Ошондон кийин маалымат жыйынга убакыт короткондун ордуна, коомубузду кызыктырган, резонанс жараткан окуялар боюнча журналисттердин убактысын коротпой эле алдын ала жооп берүүгө аракет кылып келебиз. Буга менин да, журналисттердин да атайын убактысын бөлүүнүн кажети жок болуп калат, - деди Садыр Жапаров.
Фото www