Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Москвадагы Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү (ВДНХ) комплексиндеги “Кыргызстан” күркөсүндө болду

Кабминдин башчысына кыргыз күркөсүнүн ишинин алдыдагы пландары тууралуу айтып беришти

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү (ЭЧЖК — ВДНХ) комплексиндеги “Кыргызстан” күркөсүнө барды. Бул тууралуу кабминдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаровго кыргыз күркөсүнүн ишинин алдыдагы пландары тууралуу айтып беришти. Тагыраагы күркөнүн аймагында улуттук тамак-аштарды камтыган ресторан ачылаары, жыйындар залы болоору, жалпы Кыргызстан тууралуу, өзгөчө анын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана өлкөнүн маданияты жөнүндө интерактивдүү маалымат тактайлары орнотулаары айтылды.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх