Жогорку кеңештин депутаттары Россияга иш сапары менен барышты
Делегацияны төрага Шакиев баштап кетти
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Иш сапардын алкагында төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышат. Андан тышкары, аталган жыйындарга ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилеринен тышкары, байкоочу макамындагы мамлекеттердин өкүлдөрү да катышары күтүлүүдө.
Алсак, төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз