Тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды
Документ Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына экинчи окууга чыгарылмай болду
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Комитеттин бүгүн, 19-декабрдагы жыйынында туунун авторлорунун катышуусунда мыйзам долбоору талкууланды. Демилгечилердин бири депутат Улан Примов мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда добушка коюуну суранды. Жыйынтыгында долбоор эки окууда кабыл алынып, документ Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына экинчи окууга чыгарылмай болду.
Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайдын жүрүшүндө тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин билдирген.
9-ноябрда Кыргызстандын мамлекеттик Туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи окууда колдоп беришкен.
Кыргыз Республикасынын желегиндеги нурлардын формасын толкундуу формадан күндүн нурларына так окшоштурулган формага өзгөртүү сунушталууда.
Фото www