Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мирлан Самыйкожо: Адамдын эки кашы бар, ошонун үстүнө эки каш чийип койсок, оңдолуп калган болобузбу же түздөлүп калган болобузбу?

Эл өкүлү желектин маанисин түшүндүрүп берди

Бүгүн, 19-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Жыйын учурунда депутаттардын сунушунун негизинде мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда тең кабыл алынды.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Мирлан Самыйкожо желектин маанисин чечмелеп берди.

Эл өкүлү желектин ортосунда тартылган түндүктүн үч чамгарагы болгонунун себебинде абдан чоң маани жатат.
- Туудагы үч чамгарак бул кыргыздын үч уруусун: оң канат, сол канат жана ичкиликти түшүндүрөт эмес беле, - деп белгиледи ал.

Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайдын жүрүшүндө тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин билдирген.
9-ноябрда Кыргызстандын мамлекеттик Туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи окууда колдоп беришкен.
Кыргыз Республикасынын желегиндеги нурлардын формасын толкундуу формадан күндүн нурларына так окшоштурулган формага өзгөртүү сунушталууда.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх