Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айтты

18-декабрда Кытайда жер титирөөдөн 100дөн ашык киши каза болуп, 400дөй адам жаракат алды

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге өлкөнүн Ганьсу жана Цинхай провинцияларында жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

- Жер титирөөнүн кесепетинен Кытай Эл Республикасынын Ганьсу жана Цинхай провинцияларында көптөгөн адамдардын курман болгондугу жана жабыркагандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз, — деп айтылат телеграммада.

Эске салсак, 18-декабрда Кытайда жер титирөөдөн 100дөн ашык киши каза болуп, 400дөй адам жаракат алды.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх