Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда дароо жактырды
Мыйзам долбоорун 59 депутат колдоп, 5 депутат каршы добуш берди
Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар мамлекеттик символдор боюнча мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырышты.
Мыйзам долбоору талкуусуз жактырылып, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча өз пикирин Нуржигит Кадырбеков гана билдирди.
Мамлекеттик тууну өзгөртүүнү 59 депутат колдоп, 5 парламентарий каршы добуш берди.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз